Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 08:11

УКМК төрагасынын милдетин Орозбек Опумбаев аткарып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин Орозбек Опумбаев аткарууда.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү «Азаттыкка» билдиргендей, Опумбаев буга чейин төраганын биринчи орун басары болчу. Бул кызматка былтыр октябрда президенттин буйругу менен дайындалган.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG