Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Пакистанда жума намаз учурунда жардыруу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Белужистан аймагында жума намаз маалында болгон жардыруудан эки киши мүрт кетти, ондогон адамдар жарадар болду.

Полициянын маалыматына ылайык, жардыруучу түзмөк Кветта шаарындагы мечиттин ичине коюлган. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Белужистанда мазхаб аралык кастык, көбүнесе шийит азчылыгын бутага алган теракттар акыркы жылдары жүздөгөн кишинин өмүрүн алып кетти. Бирок сөз болгон Кветтадагы мечитке негизинен сунниттер барышат.

Белужистанда жикчилдер менен катар ашынган исламчыл согушкерлер да жандуу аракетте.

XS
SM
MD
LG