Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Мектептерде «Акыркы коңгуроо» майрамы өтүп жатат


«Акыркы коңгуроо» майрамы.
«Акыркы коңгуроо» майрамы.

Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталууда.

Республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат.

Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган.

4 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG