Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

КСДПнын саясий кеңеши Дамир Мусакеев боюнча жыйынга чогулат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевди лидер деп тааныган мүчөлөрүнүн саясий кеңеши бүгүн 25-майда жыйынга чогулат.

Кеңештин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жыйында Дамир Мусакеев боюнча маселе талкууланып, билдирүү кабыл алынат.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде сот залынан камакка алынды.

Мусакеев коюлган айыпты негизсиз деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG