Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Ноокатта бүтүрүүчүлөр жол кырсыгына кабылды


Ак-Чал айылы. 25-май, 2019-жыл.
Ак-Чал айылы. 25-май, 2019-жыл.

Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгына кабылып, ар кандай жараат алган төрт бүтүрүүчү ооруканада жатат.

Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадумаров «Азаттыкка» билдиргендей, кырсык 24-майдын кечинде Ак-Чал айылында болгон. Бир эркек жана үч кыз бала катуу ылдамдыкта бараткан жеңил машине сарайды сүзгөн.

Облустук милиция рулдагы бала атасынын машинесин айтпай айдап кеткенин, жанына үч классташ кызын отургузуп алганын маалымдады.

Бүгүн 25-майда Кыргызстан боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. (YU)

XS
SM
MD
LG