Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:40

27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргыз гидромет» борбору кабарлагандай, 27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG