Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Европада 21 өлкөдө шайлоо өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 26-майда Европа парламентине шайлоонун акыркы күнү өтүүдө. Шайлоо Евробиримдиктин курамындагы 21 өлкөдө, анын ичинде Германияда, Францияда жана Италияда өтүп жатат. Жети өлкөдө добуш берүү соңку үч күндө өттү. Бул өлкөлөрдөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары азырынча чыга элек.

Европарламенттин 751 депутатын шайлоого Евробиримдиктин 400 миллиондон ашык жараны катышууда. 96 депутат Германиядан шайланат.

Башында Британия бул шайлоого катышпайт деп пландалган. Себеби 29-мартта Британия Евробиримдиктен чыкмак. Бирок британ парламентиндеги пикир келишпестиктерден улам Брекзит октябрдын этегине калды. Британия Евробиримдиктен чыкса, анын депутаттары Европарламенттен да чыгып кетишет.

Сурамжылоолорго ылайык, Европарламенттин жаңы чакырылышында ири фракцияны Европа улуттук партиясы түзүшү мүмкүн. Бул партия оңчул центристтердин бирикмесинен турат.

Ошол эле кезде оңчул популисттик жана евроскептик партиялардын шансы да жогору. Алар Италия жана Франция өңдүү ири өлкөлөрдө жеңишке жетет деп күтүлүүдө. Сурамжылоолор боюнча, Британияда «Брекзит» партиясы алдыда баратат.

XS
SM
MD
LG