Эл аралык «Human Rights Watch» уюму орусиялык НТВ телекомпаниясын «укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды каралады» деп айыптады.
Укук коргоо уюму НТВнын журналисттеринин чагымчыл иш-аракеттерине тоскоол болбогону үчүн орус бийлигине да жоопкерчилик жүктөдү. Бул тууралуу «Голос» кыймылынын мүчөсү Роман Удотко каршы кылмыш ишине байланыштуу «Human Rights Watch» жарыялаган билдирүүдө айтылат. Укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө «орусиялык мамлекеттик «Газпром» корпорациясы НТВнын ээси экени» белгиленген.
Удотко каршы кылмыш иши өткөн жылы 20-мартта «Шереметьево» аэропортунда кабарчы Мирошниченко менен жаңжалга байланыштуу козголгон. Телеканалдын кабарчысы Удотту телефонуна тартып жатканда укук коргоочу «журналист анын жеке турмушуна кийлигишип жатат» деп арыз жазуу үчүн полицияны чакырган. Бирок полиция Удоттун өзүн кармап кеткен.
Аба майданындагы бул жаңжалдын алдында НТВда «Голос» кыймылын каралаган тасма чыккан. 21-майда Химки шаардык соту Удотту үй камагына чыгарган.