Казакстандын Алматы шаарында белгилүү журналист Розлана Таукина 60 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Розлана Таукина 1959-жылдын 30-январында Уралда төрөлүп, Пушкин атындагы Урал педагогикалык институтун жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ал «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунда кабарчы, «Трибуна. Коммунист Казахстана» коомдук-саясий гезитинин башкы редактору болуп иштеген. «Азаттык» Таукина менен Казакстандагы массалык маалымат каражаттарынын маселелерине байланыштуу кызматташып турган.