Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин адвокаты Темирлан Кожоакматов райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жазып, жакынкы күндөрдө кайрыла турганын «Азаттыкка» билдирди.
Ал Мусакеевге карата чыккан чечимди негизсиз деп эсептейт. Кожоакматов шаардык сотко жазылчу апелляциялык арызда аны жокко чыгарууну талап кыларын кошумчалады.
Бишкектин Свердлов райондук соту 24-майда Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынган. Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (NT)