Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Ысык-Көл: бүтүрүү кечелери өткөн күнү беш мас айдоочу кармалды


Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Баткен облусу. 25-май, 2019-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Баткен облусу. 25-май, 2019-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ысык-Көлдө акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелери өткөн күнү беш айдоочу мас абалында кармалды. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдиргендей, облуста 25-майда жол эрежесин бузган 170 айдоочуга протоколдор толтурулду. Жыйырмадан ашуун автоунаа айып токтотмого коюлду.

Спирт ичимдиктерин ичип рулга отурган айдоочулар мектеп бүтүрүүчүлөрүбү же 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларга келгендерби, анысы так айтылган жок.

Кыргызстанда 25-майда мектепти бүтүрүү кечелери, «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өттү. Бул күндү утурлай жана андан кийин мурда мектепти аяктагандардын жолугушуулары болду.

Буга чейин мектепти бүтүрүүчүлөрдүн машине айдаганы, аварияга кабылган учурлары катталган.

XS
SM
MD
LG