Быйыл Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театрынын, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланганын айтты.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратын жана айланасын оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымат боюнча филармониянын ремонту толугу менен бүткөрүлүп, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков борбор шаардын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, маданий борборлордун имараттары 1970-жана 1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөөдөн өткөн. Филармония акыркы жолу 2007-жылы ремонттолгон. (BTo)