Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Тарыхчылар Карыбаеванын иши боюнча президентке кат жазышты


Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

Бир катар коомдук ишмерлер менен тарыхчылар президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага козголгон иш боюнча өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кат жазышты.

Анда Карыбаева Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдө болгону илимий иштер менен гана алек болгону, каржылык маселелерге кийлигишпегени жазылат. Бирок ага «Коррупция» боюнча айып коюлуп жатканы, бул беренеде 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы айтылат.

Ошондой эле алар бул иш боюнча биринчи соттук отурум 28-майда болорун, сот реформасы курулай сөз бойдон кала бербей ал ишке ашат деген үмүтүн билдиришкен.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлганын айткан. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан.

Тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр 25-майда «Ата Мекен» фракциясы маселе көтөргөн. Анда музейди оңдоого арналган акча сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG