Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Литвадагы президенттик шайлоодо Гитанас Науседа алдыда келатат


Гитанас Науседа (сол жакта) менен Ингрида Шимоните.
Гитанас Науседа (сол жакта) менен Ингрида Шимоните.

Литвадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү добуш берүүнүн жыйынтыгынын жарымынан көбүн санагандан кийинки маалыматына караганда, талапкерлердин бири – экономист Гитанас Науседа алдыда баратат. Жарандардын 65,86% Науседага, 32,86% парламент депутаты Ингрида Шимонитеге добуш берген.

НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон бул өлкөнү он жыл бою Даля Грибаускайте башкарып келди. Мыйзамга ылайык, ал үчүнчү ирет президенттикке ат салышууга укугу жок.

Литва парламенттик республика болгону менен президент тышкы саясат үчүн жооп берет жана өлкөнүн атынан Евробиримдиктин саммиттерине катышат. Ошондой эле министрлерди, сотторду, аскер кол башчыларын жана Борбордук банктын башчысын дайындайт. Эки талапкер тең Орусияга карата мамиле өзгөрбөсүн айтып, Кремлдин аймактагы саясатын сындашкан.

XS
SM
MD
LG