Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Тажикстанда мыйзамсыз салынган күмбөздөр буздурулат


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажик бийлиги көрүстөн аймагына мыйзамсыз салынган күмбөздөрдү жана эстеликтерди буздуруу жөнүндө буйрук чыгарды.

Көрүстөндү көзөмөлдөө тууралуу 2017-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, ар бир көрдүн аянтынын узундугу 2 метрден, туурасы 1,5 метрден ашпоого тийиш. Ал эми күмбөздүн бийиктиги 1,5 метрден бийик болбошу керек. Ушул талапка туура келбегендер буздурулат.

Учурда Жер комитетинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өлкөдөгү бардык мүрзөлөрдү текшерүүдө.

Ошол эле кезде мамлекеттин тапшырмасы менен салынган же тарыхый мааниси бар диний жана маданий эстеликтер буздурулбайт.

Бийлик элди кымбат күмбөз жана эстеликтерди салуунун ордуна каражатты кайрымдуулук иштерине, атап айтканда мектепти оңдоого, көпүрө салууга жана таза суу чыгарууга жумшоону сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG