Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Лион шаарындагы жардыруу боюнча шектүү кармалды


Жардыруу болгон жер. 24-майда Франциянын Лион шаарында белгисиз адам көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен. 
Жардыруу болгон жер. 24-майда Франциянын Лион шаарында белгисиз адам көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен. 

Франциянын Лион шаарында 13 адам жарадар болгон өткөн жумадагы жардыруу боюнча шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Кристоф Кастанер айтты.

Ал эми Париж прокуратурасынын маалыматына караганда, 24 жаштагы шектүү дүйшөмбү күнү эртең менен Лион шаарында колго түшүрүлгөн.

24-майда Франциянын Лион шаарында белгисиз адам көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен. Бомба жарылып, 13 адам түрдүү жараат алды. Өлкө президенти Эммануэл Макрон муну атайын уюштурулган кол салуу деп атаган.

XS
SM
MD
LG