Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Финполиция: Матраимовдун мүлкүн текшерүү аяктап калды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери аяктап калганын маалымдады. Бирок анын жыйынтыгы качан жарыяланары белгисиз. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финполиция кабарлады.

Финполиция Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн беш айдан бери текшерип бүтө элек.

13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди шаардык сот жана Жогорку сот да күчүндө калтырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG