Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Москва: сот «Новое величие» тобундагылардын камак мөөнөтүн узартты


«Новое величие» жаш активисттер тобунун мүчөлөрү сотто.
«Новое величие» жаш активисттер тобунун мүчөлөрү сотто.

27-майда Москвада «Новое величие» жаш активисттер тобунун соту өттү. Камакта отурган сегиз улан-кыз «экстремисттик топ түзгөн», «Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн» деп айыпталууда. Алар 2018-жылы камакка алынган. Активисттердин бири Анна Павликова кармалган кезде 17 жашта болгондуктан үй камагында болгон.

Былтыр октябрда «Сиздин жана биздин балдарыбыз үчүн» деген ураан менен камакта отурган жаштардын ата-энелери жана аларга тилектештер Москва, Санкт-Петербург жана бир катар башка шаарларда жүрүш уюштурушкан.

Апрелде топтун мүчөсү Павел Ребровский 29 айга соттолгон. Ага чейин Рустам Рустамов 18 айга кесилген. Экөө тең бул иште «өздөрүн күнөөлүү деп» таап, тергөө менен кызматташууга барган.

Балдардын ата-энелери айыптарды четке кагып, муну «күч органдары уюштурган чагымчылдык» катары баалап келишет.

XS
SM
MD
LG