Ооганстандык саясатчылар менен «Талибандын» өкүлдөрү 28-29-майда Москвада жолугушат деп күтүлүүдө.
«Талибандын» өкүлү Забиулла Мужахиддин айтымында, кыймылдын башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар баштаган 14 кишилик делегация 28-майда Ооганстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилеге арналган иш-чарага катышат. Эртеси алар ооганстандык саясатчылар, коомдук ишмерлер жана аксакалдар менен жолугуп, өлкөнүн келечегин талкуулашат.
Бул жолугушууларга ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү катышар-катышпасы белгисиз. «Талибан» Батыш мамлекеттери колдогон өкмөт менен сүйлөшүүдөн баш тартып, анын мыйзамсыз деп эсептейт.
Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай Москвадагы жолугушууга катыша турганын анын өкүлү ырастады.
«Талибан» менен ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, саясатчылары Москвада быйыл февралда да жолуккан. Ага азыркы президент Ашраф Ганинин өкмөтү барган эмес.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы ооган коомун жана «Талибанды» 18 жылдык согушту токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келе жатат. Ал ушул максатта «Талибандын» өкүлдөрү менен Дохада бир канча айлампа менен жолугушуу өткөргөн.