Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Москва шаардык соту украиналык моряктарды камакта калтырды


Украиналык моряктар Москванын Лефортово райондук сотунда. Апрель, 2019-жыл.
Украиналык моряктар Москванын Лефортово райондук сотунда. Апрель, 2019-жыл.

Москва шаардык соту 27-майда Орусияда камакта отурган украиналык моряктардын апелляциялык арызын карап, аны четке какты. Аларды июлдун аягына чейин камакта калтыруу тууралуу Лефортово райондук сотунун чечими өзгөртүлгөн жок.

Москвадагы тергөө абактарында отурган 24 моряк «Орусиянын чек арасын бузган» деп айыпталып жатышат. Моряктар 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы чатакта кармалган.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык алты жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Украина ноябрдагы окуяны «агрессия», ал эми моряктарды «аскер туткундары» деп атаган. Аны АКШ, НАТО жана Евробиримдик колдогон. Орусия моряктар мыйзам бузганы үчүн кармалган деп эсептейт.

Өткөн аптада Деңиз укугу боюнча эл аралык трибунал Орусияны украиналык эки аскердик кеме менен көмөкчү кемени жана 24 морякты тез арада бошотуп, кое берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG