Украинанын жаңыдан кызматына киришкен президенти Владимир Зеленский 27-майда өлкө чыгышындагы Луганск облусуна алгачкы иш сапары менен барды. Ал армиянын Луганск жана Счастье кыштактарындагы позицияларын көргөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Зеленский аскерлер менен тамак-аштын сапаты, алардын социалдык абалы, турак-жай жана техника маселелери тууралуу сүйлөштү.
Зеленский негизинен Лугансктагы байкоо жана блиндаж пункттарын кыдырып, каршы тараптын позициясынан 400 метр алыстыкта жүрдү.
Мындан тышкары сапар учурунда Бириккен күчтөрдүн жетекчиси, генерал-лейтенант Александр Сирскийден чатак болуп жаткан аймактардагы кырдаал тууралуу маалымат алды.
Өткөн аптада Зеленский Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди талкуулаган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышындагы чатакта 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.