Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин кызматына Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлиги ушу тапта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып жатат. Чодуев буга чейин министрдин орун басары болуп иштеген.
Ишкерлердин добушу менен эң төмөн баага татып, «кара көлөч» сыйлыгына арзыган айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда өз арызы менен кызматтан кеткен. «Бир Бол» фракциясынын сунушу менен 2016-жылы кызматка келген ал буга чейин да көп жолу сындын бутасына кабылганы белгилүү. Ушул эле фракция бул кызматка жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон.
Мындан сырткары комитетте Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин кызматына Дастан Догоевдин талапкерлиги каралууда. (КЕ)