Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Өкмөт башчы Догоевдин УКМКда суралганы боюнча маалымат берди


Солдон оңго: Дастан Догоев, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Шаршембиев.
Солдон оңго: Дастан Догоев, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Шаршембиев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карап жатат. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Догоевден маалымат алыш үчүн гана аны суракка чакырганын маалымдаган.

Догоевдин талапкерлигин бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп жатат. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Дастан Догоев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда ал президенттин коомдук кеңешчиси. Анын ысымы быйыл февралда ачыкка чыккан паспорт жана тендер чырында аталып, УКМКга күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG