Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Москвада ташталган кыргызстандык ымыркайлар алынып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы ымыркайлар үйүнөн 6 айдан 1,5 жашка чейинки алты наристе 27-майда Бишкекке алынып келди.

Алардын бирөө туугандарына жайгаштырылды. Ал эми калган наристелердин жакындарын, ата-энесин издөө иши башталды.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Балдарды алып келүү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери 98 ата-энеси таштап кеткен наристе, анын ичинен 2018-жылы -16, 2019-жылы – алты бала кайтарылган.

Орусияга иштегени кеткен кыргызстандык келиндер төрөп, таштап кеткен учурлар башка шаарларда да бар экендиги айтылат. Бирок азырынча расмий статистика жок. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG