Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу сот отуруму одоно мыйзам бузуу менен башталып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул иште айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, 28-майда сот боло турганын ага эч ким кабарлаган да, алдын-ала маалымат да берген эмес.
- Жазык-процессуалдык кодекс боюнча алдын-ала угуу жөнүндө үч күн мурда маалымат жөнөтүлүшү керек, - деди ал. - Аны жөнөтүп эле койбой, дарекке жеттиби-жокпу, такташы керек. Прокурор ишти сотко жиберип жатканда мага да маалымат бериши керек. Аны да алган жокмун. Кечээ адвокаттар Сапар Исаков менен жолугушкан. Анын да маалыматы жок экен. Дем алыш күнү ушул ишти карай турган сот Эрнис Айбек уулуна кокустан жолугуп, учурашканбыз. Ошондо да айткан эмес. Мен сот боло турганын кокустан эле угуп калдым.
Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.
Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталып жатат. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.
Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурган Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. (КЕ)