Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Жалал-Абад: Мамэкотехинспекция төрт үйдүн курулушун бузуу боюнча сотко кайрылды


Жалал-Абаддагы курулуш.
Жалал-Абаддагы курулуш.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймак аралык башкармалыгы Жалал-Абад шаарында салынып жаткан беш көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун мыйзамсыз деп тапты. Мекемел алардын курулушун токтотуу жана тургузулуп калган дубалдарын бузуу менен жерди калыбына келтирүүнү суранып район аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин курулуш тармагын көзөмөлдөө боюнча башкы инспектору Эмилбек Мурзалиев билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын Мамыр Баатыр көчөсүндө «Дост Курулуш» компаниясы салып жаткан 9 кабаттуу, Жаштык көчөсүндөгү 5 кабаттуу, Бекмамат Осмонов көчөсүндө «Роял Строй» компаниясы салып жаткан 9 кабаттуу турак жайлардын курулушка уруксаты болгон эмес. Ал эми Бекмамат Осмонов көчөсүндө жеке ишкерге таандык 5 кабаттуу үйдүн курулушу боюнча кезектеги соттук отурум 11-июнга белгиленген.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу былтыр башталган. Учурда калаанын кичирайондорундагы жети жерде беш компания жана бир жеке ишкер беш жана тогуз кабаттуу турак жайлардын курулушун жүргүзүүдө. Алардын көпчүлүгү тийиштүү тараптардан уруксат кагаздарын алышкан эмес жана Мамэкотехинспекцияда каттоого алынган эмес. (RsK)

XS
SM
MD
LG