Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:44

Лавров: Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгып кетиши керек


Сергей Лавров менен Хамид Карзай. 28-май, 2019-жыл.
Сергей Лавров менен Хамид Карзай. 28-май, 2019-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада «Талибандын» өкүлдөрү да катышкан жыйында Ооганстандан чет элдик аскерлерди толук чыгаруу тууралуу билдирүү жасады.

- Орусия Ооганстандагы чатакты аскердик жол менен чечүүгө болбой турганына ишенет. Жалгыз гана жол - саясий жана дипломатиялык каражаттар менен тынчтыкка жетишүү, - деди Лавров Орусия менен Ооганстандын дипломатиялык алакасынын түзүлгөндүгүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада.

Москвадагы жыйынга «Талибан» кыймылынын башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар баштаган 14 кишилик делегация да келген.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, бул иш-чарага Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай, Ооганстандын Орусиядагы элчиси Латиф Баханд катышты. Латиф Баханд «Талибандын» делегациясы менен сүйлөшүү өткөрөбү же жокпу, белгисиз.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид буга чейин билдиргендей, Абдул Гани Барадар баштаган адамдар 28-майда Ооганстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилеге арналган иш-чарага катышса, эртеси ооганстандык саясатчылар, коомдук ишмерлер жана аксакалдар менен жолугуп, өлкөнүн келечегин талкуулашат.

«Талибан» Батыш мамлекеттери колдогон ооган өкмөтү менен сүйлөшүүдөн баш тартып, анын мыйзамсыз деп эсептейт.

Талибдер ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, саясатчылар менен Москвада быйыл февралда да жолуккан. Ага азыркы президент Ашраф Ганинин өкмөтү барган эмес.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы ооган коомун жана «Талибанды» 18 жылдык согушту токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келе жатат. Ал ушул максатта «Талибандын» өкүлдөрү менен Дохада бир канча айлампа менен жолугушуу өткөргөн.

XS
SM
MD
LG