АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул жумада Бириккен Араб Эмираттарына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн келет.
Болтондун бул аймакка барышы Сауд Арабиясы жана АКШ Ирандын аракеттерин айыптап, бул багытта Сауд Арабиясында бир катар иш-чаралар белгиленген учурга туш келди.
Бейшемби жана жума күндөрү Мекке шаарында чөлкөмдүк жыйындар өтөт. Эр-Рияд өзүнүн аймактагы атаандашы Иранды ооздуктагысы келет.
Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Бирок Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар бар.
Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.
Тегеран анын дарегине айталган дооматтарды четке кагып келет. Ирандын президенти Хасан Роухани23-майда анын өлкөсү бомбаланса да АКШга багынып бербей турганын айтты.