28-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Дүйшөмбү шаарында жолугуп, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты талкуулады.
«Азаттыктын» тажик кызматынын жазганына караганда, Дүйшөмбү шаарында жабык эшик артында өткөн жолугушууга эки өлкөнүн аскер жетекчилери да катышты. Сергей Шойгу Орусия менен Тажикстандын саясий жана аскердик кызматташтыгын жогору баалап, Москва Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам берүүнү уланта берерин билдирген.
Тажикстанда Орусиянын №201 аскердик базасы жайгашкан. Шойгу аталган базага да барат. Ал жакында Орусия Тажикстандагы аскердик базасын күчтөнтө турганын айткан жана муну өлкө Ооганстанга жакын болуп, ал жактан террордук коркунуч келери менен негиздеген.