Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Казакстанда соттолгондордун жакындары бийликтен жардам сурады


Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандардын соту. Февраль, 2019-жыл.
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандардын соту. Февраль, 2019-жыл.

Казакстанда камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловдун жана Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар 28-майда Нарын шаарында басма сөз жыйынын өткөрүп, Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес экенин билдиришти. Соттолгондордун жакындары «сот ишти калыс караган жок» деп нааразы болушту.

«Биздин күчүбүз жетпей жатат. Казак сотуна алардын күнөөсү жок экенин далилдеген фактыларды көрсөтсөк да тааныбай коюшту. Сот бир тарапка тартып, күнөөлөгөн тараптын пайдасына чечим чыгарды. Башка өлкөдө жүргөндүктөн биздин укугубуз жетиштүү корголбой калды. Ушундан улам биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз. Кыргызстандын тиешелүү органдары Казакстанга барып, биздин фактыларды көрсөткөнгө жардам беришин суранабыз»​, - деп айтылат камактагылардын жакындарынын кайрылуусунда.

Быйыл 24-апрелде Алматыда сот аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кескен. Аны менен кошо кармалган Уланбек Мурадилов да 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган. Казак бийлиги аларга «чек арадан аткезчилик мыйзамсыз чоң өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деген айып койгон. (MiK)

XS
SM
MD
LG