Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Дамирбек Асылбек уулуна өкүм чыкты


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Алматыда «чек арадан мыйзамсыз товар өткөргөн» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топ түзгөн» деп айыпталган Кыргызстандын мурдагы парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган 12 адамга өкүм чыкты.

Сот Дамирбек Асылбек уулуна аны кыргыз жараны деп эсептеп өкүм чыгарды. Буга чейин Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны «казак жараны» деп мандатынан ажыратып салган.

Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Алты айга созулган сот иши боюнча өкүмдү Алматы район аралык сотунун судьясы Бакытхан Бакирбаев окуду:

«Жыйынтыктап алганда Дамирбек Асылбек уулу он жылга өкүм кылынсын жана өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынсын. Анын жазасы ал камакка алынган убактан – 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет».

Судья Кыргызстандын мурдагы депутаты жазасын коопсуздук деңгээли жогору мекемеде өтөй турганын да айтты.

Кыргызстандын Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки жараны - Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров да 10 жылга эркинен ажыратылды.

"Уюшкан кылмыштуу топко казак тараптан жетекчилик кылган" деп табылып, казак жараны Есбол Жапбасовго 14 жыл берилди.

Ал эми төрт казак жараны үч жылга соттолду. Ошондой эле дагы төрт казакстандык беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан бошотулду.

Соттолуп жаткан 12 адамдын өкүмү окулуп жатканда андагы айыпталуучулдардын жакындары “Шерменде” деп кыйкырып, сотко нааразылык билдирди. Ушул маалда соттолуучулар да өз ара мушташа кетип, судья өкүм окууну жарым саатка токтотууга мажбур болду.

Прокурорлордун койгон айыптоосу

Буга чейинки сот отурумунда казакстандын прокурорлор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптап, аны мүлкүн камакка алып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган.

Казакстандын прокурорлору Асылбек уулу «депутаттык кызматын пайда табуу жана мыйзамсыз баюу максатында пайдаланып, эл аралык уюшкан кылмыш тобун түзгөн» жана «ал топту Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга мыйзамсыз жол менен товар ташууга пайдаланган» деп эсептейт.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков буга чейин Дамирбек Асылбек уулунун бул иште күнөөсү жок жана ал чагымдын курмандыгы болду деп эсептей турганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген:

Руслан Чойбеков.
Руслан Чойбеков.

«Бул бир аз саясий процесс болуп калды көрүнөт. Ал жерде кармалган башка айыпталуучулардын баары Дамирбекти тааныбай турганын айтышты. Аны менен отургандардын баары - чек аранын айланасында туруп такси, араба түртүп кызмат көрсөткөн балдар. Ал жерде отурган казак жана кыргыз жарандары бири-бирин тааныбайт экен. «Анан кандайча “уюшкан кылмыш тобу, эл аралык аткезчилик” деп айтылып жатат?» деп айтып жатышат».

Кыргызстандын БШКсы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан былтыр 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кийин аны казак жарандыгынан ажыраткан.

Ал эми мурдагы депутаттын туугандары ал кыргыз жараны экенин, Караколдо туулуп-өскөнүн айтышкан.

Асылбек уулу да сотто өзүн "Кыргызстандын жаранымын" деп тааныштырган.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

Казакстандын күч түзүмдөрү былтыр 15-16-февраль күндөрү өткөргөн масштабдуу операциянын натыйжасында бажы аткезчилигине байланыштуу 30дан ашуун киши кармалганын, арасында кыргыз жарандары, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экенин маалымдаган. ​Башкы прокуратура контрабандалык товар Казакстанга Кытайдан түз эле же жасалма документтер, бажы системасындагы тымызын схемалардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу киргизилип турганын белгилеген.

Көп өтпөй, Алматынын Алмалы райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулуна, ага кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу") боюнча тагылган айыптын негизинде аларды эки айлык мөөнөткө камоо тууралуу чечим чыгарган. Кийин алардын камак мөөнөтүн бир канча жолу узарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG