Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Абылгазиев министрлерди иштен алуу себебин айтып берди


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн төрт мүчөсү эмне себептен кызматтан алынганын түшүндүрдү. Бүгүн 29-майда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал төмөнкүлөргө токтолду:

- Экономика министрлигинин негизги иши болгон инвестиция тартуу жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспортту өнүктүрүү боюнча коомчулукта узак убакыттан бери нааразычылыктар болду. Бул министрликте өкмөт бардык шарттарды түзүп берди, бирок натыйжа коом каалагандай болгон жок. Ал эми маалыматтык технологиялар жаатында жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам ишинен кетти. Муну өздөрү да сезишти деп ойлойм.

Жогорку Кеңеш бүгүн бош кызмат орундарына өкмөт сунуштаган талапкерлерди карап жатат.

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Шамил Асымбековдун ордуна Самат Кылжыев, экономика министри кызматына Олег Панкратовдун ордуна Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев сунушталууда.

Бул орундар өткөн аптада мурдагы жетекчилер кызматтан алынгандан бери бош турат. (RK)

XS
SM
MD
LG