Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Эгизбаевдин иликтөөсүнүн негизинде козголгон иш сотко өттү


Уланбек Эгизбаев.

Уланбек Эгизбаев иликтеген көр сатуу фактылары боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу 29-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, айып мүрзөчүлөрдүн бригадирине коюлуп, 8-майда иш Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Финансы полициясы Ленин райондук прокуратурасы менен бирге текшерүү жүргүзгөнү, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн БАРУ муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары маркумдардын жакындарынан акча талап кылып, көрүстөндүн аймагында жол, ирригациялык түйүн сыяктуу инженердик коммуникациялар жайгашкан тилкелерден сөөк коюуга жер бөлүп берип жүргөнү аныкталганы айтылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ишкананын азыркы жана мурдагы кызматкерлери суралып, жеринен текшерүү жүргүзүлгөн.

Быйыл 29-апрелде кылмышка шектүү деп Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн көр казуучулар бригадасынын башчысы аталып, 30-апрелде Биринчи Май райондук соту ага карата «өлкөдөн чыкпоо» бөгөт чарасын аныктады.

Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG