Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жогорку Кеңеш жаңы жетекчилердин талапкерлигин жактырды


Жетекчилик кызматтарга талапкерлер.

Жогорку Кеңеш Самат Кылжыевди өкмөттүн аппарат жетекчиси, Санжар Муканбетовду экономика министри, Эркинбек Чодуевди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Дастан Догоевди Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кылып дайындоого макулдук берди.

Парламенттин 29-майдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт ишенимди актоого аракет кыларын билдирди:

- Талапкерлерге ишенип, өзүм тандап алып келдим. Силер мага ишенип атасыздар, эми ишеничти чогуу актайбыз. Эл алдында уят болбогондой иштеп, бардык күчүбүздү, тажрыйба менен билимибизди жумшайбыз.

Абылгазиев мурдагы экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу жаатындагы кемчиликтери үчүн, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден улам, ал эми маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам жумуштан алынганын айтты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG