Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Волкер: Орусиянын чыгыш Украинадагы аракеттери - «оккупация»


Курт Волкер.
Курт Волкер.

Кошмо Штаттардын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер Орусиянын чыгыш Украинадагы аракеттерин «оккупация» деп баалады жана Москваны Минск келишимдерин аткарууга чакырды. Келишим Донбасстагы орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк армиянын куралдуу кармашын токтотууга багыттылган. Волкер 28-майда жаңы президент Владимир Зеленскийдин тушунда Украинанын өнүгүү келечеги тууралуу ойлору менен бөлүштү.

- Орусия Минск келишимдерин аткарыш үчүн дагы көп аракет кылууга тийиш, - деген дипломат Киевдин да милдеттенмелери бар экенин кошумчалады. ​

- Буга чейинки жолугушууларда орусиялыктар Украина президенттик шайлоого даярданып жатканда жемиштүү талкуу жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айтып келишти. Эми июлдагы парламенттик шайлоо алдында Москва менен сүйлөшүүлөрдө жылыш мүмкүнчүлүгү бүдөмүк бойдон турат, - деди Волкер.

Вашингтондун өкүлү ошондой эле орус президентинин чыгыш Украинада орусиячыл жикчилердин колундагы аймактарда жашаган элдерге орус паспортун жеңилдетилген жол менен берүү боюнча чечимин сындады.

Волкер буга чейин Крым жарым аралынын аннексиясын «мыйзамсыз оккупация» деп атап, Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү тууралуу талабын колдоорун айткан.

XS
SM
MD
LG