Шаршемби күнү, 29-майда Алматыда журналист жана укук коргоочу Розлана Таукина акыркы сапарга узатылды. Маркум 26-майда жүрөгү токтоп көз жумган. Коштошуу зыйнатына жакындары, кесиптештери, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышты.
Таукина 1959-жылы 30-январда Орол шаарында туулган. Жергиликтүү педагогикалык институттун филология факультетин, кийин Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ар кайсы жылдары «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунда иштеген, республикалык «Трибунал. Казакстан коммунисти» гезитинин башкы редактору болгон. Маркум 1992-жылы «Тотем» телерадиокомпаниясын негиздеп, 1997-жылга чейин жетектеп келген. 2016-жылы «Эркиндик» сыйлыгын алган.
Таукина 2014-жылы түптөгөн «Тең укуктуу журналисттердин федерациясы» Казакстандагы журналисттердин куугунтукталышын ачык айыптап келген.