Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

«Huawei» аны «кара тизмеге» киргизүү боюнча АКШнын чечимин сотто талашат

«Huawei» компаниясынын эн белгиси.
«Huawei» компаниясынын эн белгиси.

«Huawei» компаниясы аны «кара тизмеге» киргизүү жөнүндө АКШнын чечимине каршы сотко арыз берди. Кытайдын телекоммуникация жабдууларын чыгарган ири корпорациясы чектөөлөр Кошмо Штаттардын Конституциясына каршы келерин билдирди. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат.

АКШ өкмөтүнө каршы доо арыз Техас штатынын сотуна тапшырылды. Компания жеңилдетилген соттук териштирүү жүргүзүүнү өтүндү.

Былтыр президент Доналд Трамп «Huawei» тараптан маалымат коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал деген негизде өзгөчө кырдаал жарыялаган. Майдын ортосунда АКШнын Соода министрлиги компанияны «кара тизмеге» киргизип, америкалык өндүрүүчүлөрдөн технология жана тетиктерди сатып алышына тыюу салган.

«Reuters» агенттиги кабарлагандай, «Google» корпорациясы кытайлык компания менен жабдык алуу, кызмат көргөзүү тармактарындагы кызматташтыгын токтотуп койду. «Huawei» тыюу салууну атаандашты америкалык рыноктон сүрүп чыгаруу аракети катары баалап жатат.

XS
SM
MD
LG