Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

«Тажикфильм» «YouTube» порталына кат жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Тажикфильм» киностудиясы блогерлердин чыгармачылыгын көзөмөлгө алуу үчүн «Youtube» поталына кат жазды. Бул катта «Тажикфильм» уруксат бермейинче видеотасмаларды жарыялабоону өтүндү. Портал бул катка азырынча жооп кайтара элек.

«Тажикфильмдин» жетекчилиги «Ютубга» чыккан жүздөгөн сапатсыз кыскаметраждуу, көркөм тасмалар жана видеороликтер киностудиянын эн белгиси менен жарыяланып жатканына нааразы болду.

Бирок блогерлер мындай көзөмөлгө караманча каршы чыгышты. Алардын пикири боюнча, «Тажикфильм» видеоблогерлердин эмгеги менен акча тапкысы келип жатат.

Блогер Рустам Гулов тажик бийлиги аларды сындаган материалдарды өчүрө баштайт деген ойдо.

- Бул – мамлекеттик мекеме, - деди ал. - «Ютубга» чыккан тасмаларды контролдоо анын компетенциясына такыр кирбейт. Бул келесоолук, бул күлкүлүү. «YouTube» каналы тажик бийлиги жиберген катка олуттуу мамиле кылат деп ойлобойм. Себеби бул студиянын компетенциясына кирбейт. Анын үстүнө бул цензурага окшоп турат.

Тажикстанда бийлик «Ютубга», социалдык тармактарга, «Google» сервистерине жолду бууп койгон. Өлкөнүн жарандары VPN-сервистерин колдонууга мажбур. Блогерлер жолду бийлик көзөмөлдөгөн коммутациялык борбор жапкан болушу мүмкүн деп эсептешет. Блогерлер тажик бийлиги эми видеолорго да тыюу салса, бул өлкөдөгү цензураны ого бетер күчөтөт деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG