Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Футбол: Европа лигасынын финалдык таймашына бир нече саат калды


Баку Европа лигасынын финалын кабыл алууга даярданууда. 29-майда кечинде Азербайжан башкалаасында англиялык «Челси» жана «Арсенал» клубдары беттешмекчи. УЕФАнын дал ошол шаарды тандашы көптөгөн суроолорду жаратууда.

Англиялык ышкыбоздор Бакудагы олимпиадалык стадиондогу маанай чыныгы футболдук, алар көнгөндөй болбойт деп азыртадан эле нааразы. Анткени 70 миң орундуу аренага 6 миңдей эле билет сатылды.

Андан тышкары «Арсеналдын» алдыңкы оюнчусу армениялык Генрих Мхитарян талаага чыкпайт. Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаш-тартыш, чыңалуунун шартында футболчу Бакуга барбоону чечкен.

Матч жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.00дө башталат. (Бишкекте бейшемби, түнкү саат бир болот).

«Арсенал» акыркы жолу бул байгени 1994-жылы жеңген, турнирдин финалына болсо 2006-жылы чыккан.

Ал эми 1-июнда Мадридде англиялык дагы эки клуб «Ливерпуль» менен «Тоттенхем» Чемпиондор лигасынын финалында таймашат.

XS
SM
MD
LG