Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Белград: Косово полициясынын рейди тууралуу билген эмеспиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

НАТОнун бейпилдик күчтөрү жана Белград Сербия өкмөтү Косово полициясынын шектүү уюшкан кылмыштуу топторго каршы рейди тууралуу кабардар болгон-болбогону боюнча кайым айтышты.

НАТО баштаган Косово күчтөрүнүн (KFOR) басма сөз катчысы Винченцо Грассо «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысына билдиргендей, шейшембиде жүргүзүлгөн рейд учурунда Приштинанын бийлигинин, бейпилдик күчтөрүнүн, эл аралык коомчулук өкүлдөрүнүн жана серб аскерлеринин ортосунда такай байланыш болуп турган.

Косовонун негизинен сербдер жашаган бөлүгүндө жүргүзүлгөн операция учурунда БУУ миссиясынын эки мүчөсү, анын ичинде Орусия жараны кармалып, кийин коё берилген.

Грассо сербдер рейд тууралуу бир күн мурда билишкенин айтты.

- Мен, бардыгыбыз таң калдык. Рейд жүргөндө маалымат алмашып турганбыз, бардык тараптар кабардар болгон. Бизге бир күн мурун айтышкан, - деди KFOR'дун басма сөз катчысы.

Сербиянын президенти Александр Вучич Белграддын бийлиги операциянын алдында конкреттүү бир нерсе билген деген маалыматты жана ал таза полициялык иш-чара болгону тууралуу Косовонун билдирүүсүн четке какты.

Рейд ансыз да туруксуз чөлкөмдөгү кырдаалды курчутту. Европа Биримдиги, БУУнун Косоводогу миссиясы жана KFOR тараптарды тынчтыкка чакырды.

Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын өз алдынчалыгын тааныбай келет. Операциядан кийин Белград аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирип, Косово менен чек арага оор техникасын жөнөткөн.

Ал арада Сербиянын колдоочусу Орусия Приштинаны «чагым салып жатат» деп айыптады. Косовонун бийлиги кылмыштуу иш-аракеттерге аралашкан деген шек менен 20дан ашык кишини кармады. Алардын көбү полиция кызматкерлери экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG