Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Исаков Финансы министрлигинин өкүлдөрү жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты


ЖЭБ боюнча сот отуруму. 3-апрель, 2019-жыл.
ЖЭБ боюнча сот отуруму. 3-апрель, 2019-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотто Финансы министрлигинин өкүлдөрү жалган көрсөтмө бергенин билдирди. Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) маалыматына караганда, 29-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланган жараянда Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабыркаган тарап катары суралган.

Анда Сапар Исаков алар «берилген суроолорго жооп бербей жатат» деп нааразы болгонун, «Финансы министрлигине кандайча зыян келтирилгенин түшүнбөй жатам» дегенин КСДП маалымдады.

Сотто Финансы министрлигинин кызматкерлери модернизация үчүн Кытайдын Эксимбанкынан насыя алуу тууралуу арыз 2013-жылдын июнунда ошол кездеги президенттин тапшырмасы менен жиберилгенин айтышкан.

ЖЭБ боюнча эки кылмыш иши козголгон. Бири былтыш кышкы чилдедеги авария, экинчиси модернизациялоодогу коррупция үчүн Кытайдан алынган насыяга байланыштуу. Биринчи кылмыш иши боюнча айыпталган энергетика ишканаларанын мурдагы жетекчилерине карата 19-апрелде өкүм чыккан. Экинчи иш боюнча жараян уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG