Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

«Коопсуз шаар»: Почта кызматынын иши сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» программасын ишке ашырууда почта кызматы жарандардын укугун бузууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев ушундай пикирин билдирди.

Ал жол эрежесин бузганы тууралуу каттар машине ээсинин колуна берилиши керек экенин, бирок айрым учурларда почточулар ал адам үйүндө жок болсо каттарды кошунаcына, жанындагы дүкөнгө калтырып кетип жатканын айтты. Депутат Мамлекеттик каттоо кызматын «ички жөнгө салуу аракеттери көрүлбөй жатат» деп айыптады:

- Жараныбыз дарегин алмаштырып кеткен болсо да эски дареги боюнча калтырып кетишет экен. Белгилүү болгондой, айыппул төлөө мөөнөтү катты тапшырган күндөн тартып эсептелет. Азыр ушул жарандарыбызга чоң түйшүк болуп турат. Почта да Мамкаттоонун курамына кирген. Бирдиктүү электрондук база түзүп алышпайбы? Канча деген жарандарыбыз соттошуп жүрөт?

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

21-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырган.

Маалыматка караганда, жумушчу топко коомчулуктун жана парламент депутаттарынын пикирлерин эске алуу, учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн, натыйжалуулугун карап чыгуу милдети жүктөлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG