Беловодскидеги №16 түзөтүү колониясында кирпич чыгарыла баштады. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматы боюнча бул инвесторлордун жардамы менен ишке ашты.
Ушул жылдын апрель айынан бери 700 000 чийки кирпич чыгарылып, анын ичинен даяр болгон 450сү сатылган. Бир күндө 40 миң чийки кирпич жасалып жатканы, бир кирпичтин баасы 5,5 сом экени кабарланды.
Кирпич заводунда түрмөдө жазасын өтөп жаткан 120 адам иштеп жатат. Алдыда кирпич чыгарууну да, жумушчулардын санын да көбөйтүү пландалууда. (BTo)