Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

«Кыргыз темир жолунда» миллиондогон каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын 2016-2017-жылдардагы иши боюнча аудит жүргүзүп, бир катар каржылык тартип бузуу фактыларын аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, курулуш иштерин баалоо, ижара акысын бюджетке которуу, салык төлөө жана Социалдык фондго акча төлөө жагынан жалпысынан 12 миллион сомдон ашуун каражат айырма чыгууда.

Жумушчулардын айлык маянасын төлөө боюнча да айрым маселелер бар экени аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгында «Кыргыз темир жолу» ишканасына кемчиликтерди жана каталарды жоюу жөнүндө сунуш берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG