Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Түркмөнстанда 764 соттолуучу абактан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Орозо айттын алдында 764 соттолуучуга ырайым берди. Бул тууралуу жарлыкка ал 29-майда кол койду.

Өлкөнүн ар бир тармагын катуу көзөмөлдөгөн авторитардык башкаруучу Бердымухаммедов жыл сайын мамлекеттик майрамдарды утурлай абактагыларга ырайым берип келет. Ал акыркы жолу Нооруз майрамында 2000дей адамды түрмөдөн чыгарган.

Түркмөнстандын мурдагы президент Сапармурат Ниязов да жылда Орозо айында абактагыларга ырайым берчү.

XS
SM
MD
LG