30-майда Ооганстандын борбору - Кабулдагы аскердик машыгуу борборунун жанында жанкечти өзүн жардырып, кеминде алты киши өлдү, дагы алты адам жаракат алды. Бул тууралуу ооган полициясы кабарлады.
Жанкечти аны маршал Фахим атындагы улуттук коргонуу университетине киргизбей койгондон кийин өзүндөгү түзмөктү жардырып жиберген.
Жардыруу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Адатта мындай чабуулдарды «Талибан» кыймылы же «Ислам мамлекети» террордук тобу ишке ашырат.
Бул Москвада талибдер менен ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, саясатчылары 18 жылдык согушту токтотуу багытында сүйлөшүү өткөрүп жаткан учурга туш келди.