Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азыркы учурда Кыргызстанда 35 бала бакчанын имаратын кайра мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында мамлекеттик органдар ээлеп турган 11 бала бакчанын имараты бар. Алардын айрымдары жараксыз абалда турат.

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө» парламент токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүк саат өттү.

Кыргызстанда бала бакча жетишсиздиги - орчундуу социалдык көйгөйлөрдүн бири. (RK)

XS
SM
MD
LG