Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Өзбекстан согуш аймактарынан 156 жаранын кайтарып келди


Өзбекстандык аялдар менен балдарды алып кетүү учуру. Ал-Камышлы шаары, Сирия.
Өзбекстандык аялдар менен балдарды алып кетүү учуру. Ал-Камышлы шаары, Сирия.

Өзбекстан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын кайтарып келди. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар экенин өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул адамдар отурган атайын учак 30-майда Ташкентке конду.

Бирок президенттин басма сөз кызматы бул адамдар Ирактан же Сириядан алынып келгенин тактаган жок. Тек гана президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Орозо айында «Боорукердик» аттуу операция ийгиликтүү ишке ашканын маалымдады.

«Адашып, өлкөбүздөн чыгып кетип, оор жашоону баштан кечирген бул кишилерге өкмөт тарабынан медициналык, психологиялык, материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлөт»,- деп жазылат расмий билдирүүдө.

Ташкент Сириядан жарандарын кайтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:33 0:00

2014-жылдан бери Өзбекстандын канча жараны Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик топторго кошулуп кеткени боюнча расмий маалымат жок. Айрым эл аралык уюмдар алардын санын 500-1000дин тегерегинде деп эсептешкен. Буга чейин Казакстан менен Тажикстан да ондогон жарандарын Сирия менен Ирактан кайтарган.

14-майда жакындары Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен айрым кыргызстандыктар ушул өлкөдө жүргөн кыз-келиндерин жана неберелерин кайтарганга жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG