Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Орусиялык интеллигенттер тарыхчы Юрий Дмитриевди колдошту


Тарыхчы Юрий Дмитриев.
Тарыхчы Юрий Дмитриев.

Орусиялык белгилүү интеллигенция өкүлдөрү жана советтик диссиденттер Москвадагы Сахаров борборунда ГУЛАГды иликтеген тарыхчы Юрий Дмитриевди колдогон иш-чарага катышты.

Тарыхчы учурда бакма кызына жыныстык кордук көрсөткөн деп айыпталып жатат. Бирок тергөө абагында отурган Юрий Дмитриев өзү жана анын жактоочулары муну саясий өңүттө козголгон кылмыш иши деп эсептешет.

Аны колдогондордун арасында рок-музыкант Андрей Макаревич, жазуучу Людмила Улицкая, актерлор Чулпан Хаматова, Лия Ахеджакова, Александр Филиппенко, ошондой эле советтик диссиденттер Павел Литвинов менен Юлий Ким болду.

ГУЛАГ түрмөсүнүн курмандыгы болгондордун жакындары Юрий Дмитриевге алардын жакындарынын өлгөн, атылган жерин таап бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Мемориал» укук коргоо борбору уюмунун Карелиядагы филиалын жетектеген Юрий Дмитриев алгач 2016-жылы камакка алынган. Жергиликтүү сот 2018-жылы аны актаган, бирок ал чечимди Карелиянын Жогорку соту жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Тарыхчы быйыл июнда кайрадан камакка алынган.

XS
SM
MD
LG