АКШ менен Орусиянын дипломаттары Сириянын эл аралык коомчулукка кайра аралашуусуна жол ача турган чараларды талкуулап жатканы белгилүү болду. Бирок ал үчүн Сириянын өкмөтү жарандык согушту токтотуу багытында бир катар маанилүү кадамдарды ташташы керек экенин АКШнын Сирия боюнча атайын чабарманы Жеймс Жеффри 29-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттерге айтты.
Ал Вашингтон менен Москва Сириядагы сегиз жылдан ашкан согушту токтотуш үчүн ар бир баскычты терең изилдеп жатканын, бирок акыркы резолюция катаал чечимдерди талап кыларын кошумчалады.
Бирок Жеффри Сирия өкмөтү дагы эле БУУ менен АКШ администрациясынын талаптарын аткара элек экенин ишарат кылды.
Москва Сириядагы жарандык согушта президент Башар Асадды колдосо, АКШ жана Түркия көтөрүлүшчүлөрдүн эки башка тобун жактап келет. Алгач Вашингтон Сирияда тынчтык орношу үчүн Асад бийликтен кетүүгө тийиш экенин билдирсе, кийинчерээк бул позициясын жумшарткан.
Сирияда 2011-жылы тутанган жарандык согуш баш-аягы 400 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.